04.04.2018 09:57

УКМК:  «Электр станциялары» ААК башкы директору  У.А. Кыдырбаев кармалды

УКМК:  «Электр станциялары» ААК башкы директору  У.А. Кыдырбаев кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 2-апрелинде УКМК ЖЭБдин, “Электр станциялары” жана “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын” айрым кызматкерлерине карата  221- берене боюнча кылмыш ишин козгогон.  

Аталган кылмыш иши Башкы прокуратура ЖЭБдеги авария боюнча 3—январда козгогон кылмыш  ишинен өзүнчө бөлүнүп каралат.  Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

“Электр станциялары” Ачык акционердик коомунун башкы директоруна  “Коммерциялык уюмдардын кызматкерлеринин  кызматынан кыянаттык менен пайдаланышы” беренеси боюнча  иш козголду.  Учурда Узак  Кыдырбаев УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.  Тергөө жүрүүдө.